# КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1593-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтому менен бекитилген ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1593-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтому менен бекитилген ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1593-VI
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78457>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10497/edition/849848/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78457.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1593-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтому менен бекитилген ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (24.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78457

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-майы № 1593-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтому менен бекитилген ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегинде:

- 1 жана 8-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;

- тизмек төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

"12. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин этил спиртин, алкоголь жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, контролдоо боюнча башкармалыгы.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

Д.Төлөнов
