Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 17-майы № 1581-VI "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 14-июлундагы № 394 токтом) "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн илимий потенциалын сактоо жана республикада илимди уюштуруу системасын ишке ашыруу боюнча алда канча көп натыйжага жетишүү максатында "Кыргыз Республикасынын Илимдердин улуттук академиясынын мүчөлөрүнүн жогорку саны жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-сентябрындагы № 558 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Илимдердин улуттук академиясынын мүчө-корреспонденттеринин жогорку санын 55ке чейин азайтуу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Илимди уюштуруу системасын реформалоо концепциясынын 2-бөлүмүндөгү 2.5-пункттун экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрүн алып салуу жөнүндө маселени карасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага
Ч. Турсунбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 12 сентября 2001 года №558 "О предельной численности членов Национальной академии наук Кыргызской Республики"Постановление · 12.09.2001 · № 558
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасында Илимди уюштуруу системасын реформалоо концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.04.2015 · № 221 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июлундагы № 394 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 14.07.2016 · № 394 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндөЗакон · 25.07.2002 · № 132 · Күчүн жоготкон