# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-декабрындагы № 1223-VI "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-декабрындагы № 1223-VI "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1223-VI
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78390>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10430/edition/843394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78390.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-декабрындагы № 1223-VI "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү тууралуу" токтому (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78390

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 29-декабры № 1223-VI "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.А.Скрипкина, Ч.И.Жакупова жана А.С.Кодуранова демилгелеген "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окуудагы режимге кайтарылып берилсин.

2. "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-июнундагы № 701-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

Ч. Турсунбеков
