# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 1-декабрындагы № 1155-VI "Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 1-декабрындагы № 1155-VI "Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1155-VI
- Кабыл алынган күнү: 01.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78330>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10370/edition/840702/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78330.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 1-декабрындагы № 1155-VI "Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтому (01.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78330

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 1-декабры № 1155-VI "Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө "Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышын иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-январындагы № 221-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышын иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу боюнча чыгымдардын аудитин толук жана ар тараптуу жүргүзүү үчүн аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык көз карандысыз эл аралык аудиторду тартуу боюнча чараларды көрсүн; "Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын уставдык капиталындагы "РусГидро" ААКсынын тиешелүү үлүшүн "Электрстанциялары" ААКсынын балансына кабыл алууну - өткөрүп берүүнү Макулдашууда белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы көз карандысыз эл аралык аудиттин жыйынтыктары боюнча "Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышы боюнча аракеттерге укуктук баа берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2 айлык мөөнөттө аудитордук текшерүүнү жүргүзсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жүктөлсүн.

Төрага орун басары

Н.Алимбеков
