Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну („Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу“); 2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган „Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу“ долбоору боюнча ЕРӨБ акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну; „2016-жылдын 20-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган „Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу“ долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2015-жылдын 30-ноябрындагы Гранттык макулдашууга № 1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 1-декабры № 1146-VI "2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу"); 2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоору боюнча ЕРӨБ акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну; "2016-жылдын 20-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2015-жылдын 30-ноябрындагы Гранттык макулдашууга № 1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 19-октябрындагы № 557 токтому) "2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу"); 2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоору боюнча ЕРӨБ акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну; "2016-жылдын 20-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2015-жылдын 30-ноябрындагы Гранттык макулдашууга № 1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
Ч. Турсунбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-октябрындагы № 557 ""2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын…Постановление · 19.10.2016 · № 557
- 2014-жылдын 15-майында Варшава шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну…Закон · 04.07.2015 · № 144