# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 1127-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 1127-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1127-VI
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78307>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10347/edition/840417/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78307.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 1127-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт тууралуу" токтому (24.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78307

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 24-ноябры № 1127-VI Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы тууралуу маалыматты угуп жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-сентябрындагы № 489 токтомун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын толук көлөмүндө жыйналышын жакшыртууга жетишсин;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин кезектеги финансы жылына карата иштеп чыгууда киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдүн реалдуу белгиленишин камсыз кылсын;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун финансылык туруктуулугун чыңдоого багытталган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатындагы мыйзам долбоорлорун өз мезгилинде демилгелесин.

Төраганын орун басары

Н.Алимбеков
