# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 1103-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 1103-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1103-VI
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78284>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10324/edition/975748/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78284.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 1103-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому (29.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78284

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 23-ноябры № 1103-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-апрелиндеги № 2385-VI, 2018-жылдын 25-апрелиндеги № 2386-VI, 2019-жылдын 29-майындагы № 3085-VI токтомунун редакциясына ылайык) "1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун-жабык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча төмөнкүлөр шайлансын:

А.А.Шадиев - "Бир Бол" депутаттык фракциясынан, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагалыгына;

(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 29-майындагы № 3085-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Г.С.Молдобекова - КСДП депутаттык фракциясынан, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагалыгына;

(Абзац КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-апрелиндеги № 2385-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту) (Абзац КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-апрелиндеги № 2386-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту) (КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-апрелиндеги № 2385-VI, 2018-жылдын 25-апрелиндеги № 2386-VI токтомунун редакциясына ылайык)

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 19-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта: үчүнчү абзацтагы "А.Б.Баатырбеков - "Кыргызстан" депутаттык фракциясынан" деген сөздөр "А.А.Шадиев - "Бир Бол" депутаттык фракциясынан" деген сөздөргө алмаштырылсын; төртүнчү абзацтагы "М.И.Бакиров - "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясынан" деген сөздөр "А.К.Назаров - "Кыргызстан" депутаттык фракциясынан" деген сөздөргө алмаштырылсын; бешинчи абзацтагы "С.Шер Нияз - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан" деген сөздөр "Г.С.Молдобекова - КСДП депутаттык фракциясынан" деген сөздөргө алмаштырылсын; тогузунчу абзацтагы "А.А.Шадиев - "Бир Бол" депутаттык фракциясынан" деген сөздөр "Т.Г.Тиллаев - "Республика - Ата-Журт" депутаттык фракциясынан" деген сөздөргө алмаштырылсын; онунчу абзацтагы "Ж.А.Бакчиев - "Бир Бол" депутаттык фракциясынан" деген сөздөр "М.К.Жеенчороев - "Республика - Ата-Журт" депутаттык фракциясынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Ч. Турсунбеков
