# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 1098-VI "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 1098-VI "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1098-VI
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10321/edition/839108/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78281.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 1098-VI "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (17.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78281

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 17-ноябры № 1098-VI "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 13-майындагы № 248 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- "2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүү жана аткаруу аудитинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды кабыл алсын;

- 2015-жылы республиканын бюджетин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары боюнча табылган кемчиликтерге жана тартип бузууларга жол берген министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчиликтерин аныктасын;

- жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.

Төрага

Ч. Турсунбеков
