Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 17-ноябры № 1098-VI "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 13-майындагы № 248 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүү жана аткаруу аудитинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды кабыл алсын;
- 2015-жылы республиканын бюджетин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары боюнча табылган кемчиликтерге жана тартип бузууларга жол берген министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчиликтерин аныктасын;
- жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага
Ч. Турсунбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралууЗакон · 22.12.2016 · № 213
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу"Постановление · 13.05.2016 · № 248 · Күчүн жоготкон