# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1053-VI
- Кабыл алынган күнү: 09.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78277>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10318/edition/867357/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78277.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому (25.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78277

---

КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 9-ноябры № 1053-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер С.Ш.Жээнбеков тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Ч. Турсунбеков
