# КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 1496-VI "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 1496-VI "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1496-VI
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78269>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10310/edition/831624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78269.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 1496-VI "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78269

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-апрели № 1496-VI Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчетун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши:

- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши жөнүндө ар жылдык отчетту даярдоону "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык так жүзөгө ашырсын;

- КТРКнын ишин жакшыртууга, телерадиоберүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган сунуштарга, сын-пикирлерге, кайрылууларга өзгөчө көңүл бурсун;

- кабыл алынган чечимдерди контролдоону күчөтсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн

Төрага

Ч. Турсунбеков
