Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-апрели № 1496-VI Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчетун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши:
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши жөнүндө ар жылдык отчетту даярдоону "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык так жүзөгө ашырсын;
- КТРКнын ишин жакшыртууга, телерадиоберүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган сунуштарга, сын-пикирлерге, кайрылууларга өзгөчө көңүл бурсун;
- кабыл алынган чечимдерди контролдоону күчөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн
Төрага
Ч. Турсунбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөЗакон · 21.12.2011 · № 247 · Күчүн жоготкон