Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «2016-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарында каткалаң таштандыларды тескөө системасын жакшыртуу» долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 25 июлунда Бишкек шаарында кол коюлган «Ош шаарында каткалаң таштандыларды тескөө системасын жакшыртуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы, Ош шаарынын мэриясы, адистешкен муниципалдык «Ош Тазалык» ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 5-апрели № 1468-VI "2016-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарында каткалаң таштандыларды тескөө системасын жакшыртуу" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Ош шаарында каткалаң таштандыларды тескөө системасын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы, Ош шаарынын мэриясы, адистешкен муниципалдык "Ош Тазалык" ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 26-январындагы № 47 токтому) "2016-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарында каткалаң таштандыларды тескөө системасын жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Ош шаарында каткалаң таштандыларды тескөө системасын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы, Ош шаарынын мэриясы, адистешкен муниципалдык "Ош Тазалык" ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
Ч. Турсунбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-январындагы № 47 “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз…Постановление · 26.01.2017 · № 47
- 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо…Закон · 08.07.2016 · № 106