Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Саляновага карата кылмыш ишин козгоо жөнүндөгү маселени изилдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 8-февралындагы № 1329-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 1-марты № 1369-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Саляновага карата кылмыш ишин козгоо жөнүндөгү маселени изилдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 8-февралындагы № 1329-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Саляновага карата кылмыш ишин козгоо жөнүндөгү маселени изилдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 8-февралындагы № 1329-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин көрсөтүлгөн токтомунун аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Саляновага" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ж.Саляновага, Ө.Ч.Текебаевге жана А.Н.Шыкмаматовго" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев комиссиянын курамынан чыгарылсын жана ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев киргизилсин.
Төрага
Ч. Турсунбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.