# КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-февралындагы № 1319-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-февралындагы № 1319-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1319-VI
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10207/edition/824693/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-февралындагы № 1319-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (02.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78166

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 2-февралы № 1319-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жабык-жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча төмөндөгүлөр шайлансын:

депутат Асылбек уулу Дамирбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына; депутат Туманбаева Рада Мураталыевна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына; депутат Жунус уулу Алтынбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" № 26-VI токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

- 1-пунктчанын экинчи абзацындагы "Ч.А.Султанбекова" деген сөздөр "Асылбек уулу Дамирбек" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пунктчанын экинчи абзацындагы "Д.А.Жумабеков - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр "P.M.Туманбаева - "Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 6-пунктчанын экинчи абзацындагы "Д.Э.Төлөнов - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр "А.Жунус уулу - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) төмөндөгү чыгарылсын:

"Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамирбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин курамынан;

2) төмөндөгү киргизилсин:

"Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамирбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин курамына.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Ч. Турсунбеков
