# КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 19-январындагы № 1275-VI "Депутат Д.Э.Төлөновду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 19-январындагы № 1275-VI "Депутат Д.Э.Төлөновду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1275-VI
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10169/edition/867414/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 19-январындагы № 1275-VI "Депутат Д.Э.Төлөновду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому (01.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78128

---

КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 1959-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 19-январы № 1275-VI Депутат Д.Э.Төлөновду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык жашыруун-жабык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча депутат Д.Э.Төлөнов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" № 16-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

үчүнчү абзацтагы "Алимбеков Нурбек Каарыевич" деген сөздөр "Төлөнов Данияр Эрмекович" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Ч. Турсунбеков
