# Постановление Жогорку Кенеша КР от 20 апреля 2017 года № 1524-VI "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Налоговый кодекс Кыргызской Республики)"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1524-VI
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78052>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10093/edition/817146/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78052.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Жогорку Кенеша КР от 20 апреля 2017 года № 1524-VI "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Налоговый кодекс Кыргызской Республики)" (20.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78052

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 20-апрели № 1524-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 3-мартындагы № 134 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 10 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

Ч. Турсунбеков
