# КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 20-апрелиндеги № 1514-VI "Пайдалуу кендерди изилдөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын потенциалын күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 20-апрелиндеги № 1514-VI "Пайдалуу кендерди изилдөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын потенциалын күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1514-VI
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78042>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10083/edition/817126/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78042.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 20-апрелиндеги № 1514-VI "Пайдалуу кендерди изилдөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын потенциалын күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому (20.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78042

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 20-апрели № 1514-VI Пайдалуу кендерди изилдөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын потенциалын күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Программанын 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-2-пункт менен толукталсын: "13-2. Уставдык капиталындагы акциялардын (үлүштөрдүн) мамлекеттик пакетин кийин менчиктештирүү менен чарбакер коомдоштуктарга кайра түзүүгө жаткан мамлекеттик ишканалардын тизмеги ушул Программага 5-тиркемеге ылайык аныкталат.

2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына 5-тиркеме

Уставдык капиталындагы акциялардын (үлүштөрдүн) мамлекеттик пакетин кийин менчиктештирүү менен чарбакер коомдоштуктарга кайра түзүүгө жаткан мамлекеттик ишканалардын тизмеги

№ катары менен

Мамлекеттик ишкананын аталышы

Мамлекеттик үлүшү (%)

Менчиктештирүүгө жаткан мамлекеттик үлүшү (%)

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасы

100%

49%

Төрага

Ч. Турсунбеков
