# 97-статья. Далилдерди камсыз кылуу боюнча нотариустун аракети

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: XVIII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 97-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-97

---

Далилдерди камсыз кылуу тартибинде нотариус күбөлөрдү суракка алат, жазылган жана заттык далилдерди карап чыгат, экспертиза дайындайт. Далилдерди камсыз кылуу боюнча процессуалдык аракеттерди аткарууда нотариус Кыргыз Республикасынын граждандык процессуалдык мыйзамдарынын тийиштүү нормаларын жетекчиликке алат. Нотариус тараптарга жана тиешелүү адамдарга далидер менен камсыз кылуу убактысы жана орду жөнүндө билидрет, бирок алардын келбей калышы далилдерди камсыз кылуу боюнча аракеттерди аткаруу үчүн тоскоол болуп саналбайт. Тараптардын бирине жана тийиштүү адамдарга кабарлабастан далилдерди камсыз кылуу кийинкиге калтырууга болбой турган же кийин кимдер ишке катыша тургандыгын аныктоого болбогон учурларда гана жүргүзүлөт. Чакыруу боюнча күбө же эксперт катышпаган учурда нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган чараларды көрүү үчүн күбө же эксперт жашаган жердеги эл сотуна бул туурасында билдирет. Нотариус күбөгө жана экспертке атайлап жалган көрсөтмө же корутунду берүү үчүн жана көрсөтмө же кортунду берүүдөн баш тартуу же четтөө үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертет.

---

Мурунку берене: [96-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-96)  
Кийинки берене: [98-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-98)
