# 93-статья. Деңиз протести жөнүндө билдирүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: XVII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 93-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-93

---

Нотариус кеменин ээсинин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн далилдерди камсыз кылуу максатында кеме сүзүп жүргөн же токтоп турган мезгилде болуп өткөн окуя жөнүндө кеменин капитанынын билдирүүсүн кабыл алат, ал кеменин ээсине мүлктүк талаптарды коюуга негиз болуп саналышы мүмкүн. Деңиз протести жөнүндө билдирүү болгон окуянын жагдайларынын сүрөттөлүшүн жана өзүнө ишеним тапшырылган мүлктүн сакталышын камсыз кылуу үчүн капитан көргөн чараларды камтууга тийиш. Деңиз протести жөнүндө билдирүүдө баяндалган жагдайларды ырастап, кеменин капитаны соода иштери менен деңизде сүзүүнү жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, билдирүү жасоо менен бир эле мезгилде портко кирген же окуя портто болуп өтсө, ошол учурдан тартып жети күндөн кечиктирбестен нотариуска кеме журналын жана капитан күбөлөндүргөн кеме журналынан жазылып алынгандарды берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [92-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-92)  
Кийинки берене: [94-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-94)
