# 90-статья. Чекти төлөөгө сунуш кылуу жана чектердин төлөнбөй калышын күбөлөндүрүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: XV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 90-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-90

---

Төлөөчү турган жердеги нотариус эгерде чек Кыргыз Республикасынын аймагында берилсе, чек берилген күндөн тартып, он күн өткөндөн кийин; чек Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө болгон мамлекеттин аймагында берилсе, жыйырма күн өткөндөн кийин; эгерде чек кайсы бир башка мамлекеттин аймагында берилсе, жетимиш күн өткөндөн кийин, бирок бул мөөнөттөн кийинки күндөн тартып 12 сааттан кечиктирбестен көрсөтүлгөн чекти төлөөгө көрсөтүү үчүн кабыл алат. Чек төлөнбөгөн учурда нотариус чекке жазуу жолу менен анын төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрөт жана реестрге бул туурасында белгилейт. Чектеги жазуу менен бир эле мезгилде анын чеги банк тарабынан төлөнбөгөндүгү жана чекке жазуу жазылгандыгы жөнүндө чек берүүчүгө билдирүү жөнөтөт. Чек кармоочунун өтүнүчү боюнча нотариус чек төлөнбөгөн учурда аткаруу талабын жазат.

---

Мурунку берене: [89-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-89)  
Кийинки берене: [91-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-91)
