# 86-статья. Аткаруу талабынын жазуусунун мазмуну

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: XIV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июля 2014 года № 111 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205332)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/78#diff=1234032..1234033>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 86-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-86

---

Күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүүнү жүргүзүү жолу менен жазылуучу аткаруу талабы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) аткаруу талабын жазган нотариустун фамилиясын, аты-жөнүн, кызмат ордун;

2) өндүрүүчүнүн аталышын жана дарегин;

3) карызкордун жана күрөө коюучунун аталышын жана дарегин;

4) өндүрүү жүргүзүлүүчү мөөнөттүн белгиленишин;

5) өндүрүлүүгө тийиш сумманы, эгерде киргизилсе, анын ичинде туумдар, пайыздар;

6) күрөө предметинин аталышын, анын дарегин, менчик ээсинин (күрөө коюучу) атын (аталышын) жана анын дарегин;

7) күрөө келишиминин датасын (күнүн, айын, жылын жана реестрдик номерин);

8) өндүрүүчү төлөгөн жана карызкор төлөөгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын өлчөмүн;

9) аткаруу талабы жазылган датаны (күнүн, айын, жылын);

10) реестрде аткаруу талабынын катталган номерин;

11) аткаруу талабын жазган нотариустун кол тамгасын;

12) нотариустун мөөрүн.

(КР 2014-жылдын 3-июлундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-85)  
Кийинки берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-87)
