# 741-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик кол коюусунун аныктыгын күбөлөндүрүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: XI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111599)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/78#diff=1234036..1234037>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-741>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-741.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 741-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-741

---

Факсимилдик кол коюу (факсимиле) - ден соолугунун абалынан улам (көрүүнүн бузулушу, колу-буту жоктугу, кыймыл координациясынын бузулушу, шал болуу) өз колун коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын өз кол коюусун алмаштыруучу атайын даярдалган штамп (клише). Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам техникалык каражаттардын жардамы менен даярдалган штампты (клишени) нотариуска берет, аны менен нотариустун катышуусунда кол коёт, андан кийин нотариус коюлган колунун үлгүсүн күбөлөндүрөт жана бул факсимиленин аныктыгы тууралуу күбөлүктү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамга берет. Күбөлөндүрүлгөн факсимиле өзүнүн юридикалык мааниси боюнча өз кол коюусуна толугу менен теңдештирилет. Факсимиле жоголгондо жана жаңы штамп даярдалганда аны кайтадан нотариаттык күбөлөндүрүү талап кылынат. (КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [74-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-74)  
Кийинки берене: [75-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-75)
