# 7-статья. Жасалуучу нотариалдык аракеттердин жашыруундуулугун сактоо

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111821)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2018 [ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111821); 03.07.2014 [Закон КР от 3 июля 2014 года № 111 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205332)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/78#diff=1234038..1234039>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 7-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-7

---

Нотариустар жана нотариалдык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу башка кызмат адамдары нотариалдык аракеттерди жасоого байланыштуу аларга белгилүү болуп калган маалыматтардын жашыруундуулугун сактоого милдеттүү. Жасалган нотариалдык аракеттердин жашыруундуулугун сактоо милдети ошондой эле алар тарабынан кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу жасалган нотариалдык аракеттер жөнүндө белгилүү болуп калган адамдарга, анын ичинде эмгек келишими токтолгондон кийин да жайылтылат. Жасалган нотариалдык аракеттер жөнүндө маалыматтар, ошондой эле аларга тиешелүү документтер алардын тапшырмасы боюнча же аларга карата нотариалдык аракеттер жасалган жеке жана юридикалык жактарга гана берилет. Жасалган нотариалдык аракеттер жөнүндө маалыматтар жана документтер соттун, прокуратуранын, тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын өндүрүшүндө болгон жазык же граждандык иштерге байланыштуу алардын талабы боюнча берилет, ошондой эле террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына берилет. Башка кандай болбосун учурларда жасалган нотариалдык аракеттер жөнүндө маалыматтарды жана документтерди берүүгө тыюу салынат. Керээз жөнүндө маалыматтар керээз калтыруучу каза болгондон кийин гана берилет. (КР 2014-жылдын 3-июлундагы № 111, 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-8)
