# 65-статья. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берүү тартиби

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: IX бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 65-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-65

---

Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын граждандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык мурасты кабыл алган мураскорлорго берилет. Мурасты кабыл алуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген мураскор мурасты кабыл алган башка бардык мураскорлордун макулдугу менен мурастоо укугу жөнүндө күбөлүккө киргизилиши мүмкүн. Бул макулдук мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгенге чейин жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк мураскорлордун каалоосуна жараша бардыгына бирге же ар бирине өз-өзүнчө берилет. Нотариус мураскордун мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо үчүн ал жашаган жердеги көзөмөлчүлүк жана камкорчулук органдарына жашы жете элек же акыл-эси соо эмес мураскордун атына мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгендиги туурасында билдирет. Мурастоо укугу боюнча мүлк мамлекетке өткөн учурда мурастоо укугу туурасындагы күбөлүк тийиштүү мамлекеттик органга берилет.

---

Мурунку берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-64)  
Кийинки берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-66)
