# 6-статья. Нотариустун ишиндеги чектөөлөр

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 6-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-6

---

Нотариус: ишкерлик кылууга жана нотариалдык, илимий жана окутуучулук иштерден башка иштерди жасоого; келишимдерди түзүүдө арачылык кызмат көрсөтүүгө; өз атына же өзүнүн атынан, жубайынын (өз жубайынын), анын жана өзүнүн туугандарынын (ата-энелеринин, балдарынын, неберелеринин, ага-инилеринин, эже-сиңдилеринин, чоң ата-чоң энелеринин, таята-таенелеринин) атына жана алардын атынан нотариалдык аракеттерди жасоого; аталган нотариалдык кеңсенин кызматкерлеринин, нотариус менен эмгек мамилесинде турган кызматкерлердин атына жана алардын атынан нотариалдык аракеттерди жасоого укуксуз. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-сентябрындагы N 11-р чечими

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-7)
