# 53-статья. Ишеним каттарын күбөлөндүрүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: VIII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 53-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-53

---

Нотариус бир же бир нече адамдын атынан, бир же бир нече адамдын атына ишеним каттарды күбөлөндүрөт. Башка бирөөгө ишеним көрсөтүү тартибинде берилген ишеним кат башка бирөөгө ишеним көрсөтүү укугунун шарттары айтылган негизги ишеним катты сунуш кылганда же негизги ишеним кат боюнча өкүл ишеним кат берген адамдын кызыкчылыгын коргоо үчүн жагдайга байланыштуу бул кадамга аргасыздан мажбур болгондугунун далилин көрсөткөн учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Башка бирөөгө ишеним көрсөтүү тартибинде берилген ишеним кат негизги ишеним кат боюнча берилгендегиден көбүрөөк укукту камтыбоого тийиш. Башка бирөөгө ишеним көрсөтүү тартибинде берилген ишеним каттын колдонулуу мөөнөтү негизги ишеним каттын колдонулуш мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.

---

Мурунку берене: [52-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-52)  
Кийинки берене: [54-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-54)
