# 42-статья. Нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тартуу

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июля 2014 года № 111 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205332)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/78#diff=1234032..1234033>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 42-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-42

---

Нотариус төмөндөгү:

- мындай аракеттер мыйзамга каршы келсе;

- бул аракетти башка нотариус жасоого тийиш болсо;

- аракетке жөндөмсүз граждан же зарыл ыйгарым укуктары жок өкүл нотариалдык аракеттерди жасоо өтүнүчү менен кайрылса;

- юридикалык жактын атынан жүргүзүлүүчү бүтүм анын уставында же жобосунда көрсөтүлгөн максатка каршы келсе;

- бүтүм мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе;

- нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн сунуш кылынган документтер мыйзамдардын талаптарына ылайык келбесе, нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тартат.

Нотариус нотариалдык аракеттерди жасоо талабынан баш тартылган адамдын өтүнүчү боюнча баш тартуунун себептерин кат жүзүндө баяндоого жана ага даттануу тартибин түшүндүрүүгө тийиш. Бул учурларда нотариус үч жумушчу күндөн кечиктирбестен нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат. (КР 2014-жылдын 3-июлундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-41)  
Кийинки берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-43)
