# 38-статья. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө, арыздарга жана башка документтерге кол коюу тартиби

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111599)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/78#diff=1234036..1234037>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 38-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-38

---

Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүчү бүтүмдүн, ошондой эле арыздардын жана башка документтердин мазмуну катышуучуларга үн чыгарып окулуп берилүүгө тийиш. Нотариалдык тартипте толтурулуучу документтерге нотариустун катышуусунда кол коюлат. Эгерде граждан денесиндеги кемчиликтерден, оорудан улам же кандайдыр бир себептер менен жеке өзү кол кое албаса, анда анын тапшыруусу боюнча, анын катышуусунда жана нотариустун катышуусунда бүтүмгө, арызга же башка документке башка граждан кол кое алат, мында нотариалдык аракетти жасоону жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылган граждан эмне себептен өзү кол кое албагандыгы көрсөтүлөт. Эгерде граждан дене бойлук кемчилдиктеринен улам өзү кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо жана бүтүмгө, арызга же башка документке өзүнүн атынан кол коюуну үчүнчү адамга ишенүүнү каалабаса, ал зарыл документке аныктыгы ушул Мыйзамга ылайык күбөлөндүрүлгөн факсимилдик колтамгасын пайдалануу менен кол кое алат. (КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-39)
