# 35-статья. Нотариалдык аракеттерди жүргүзүүнү кийинкиге калтыруу нун жана токтото туруунун негиздери жана мөөнөттөрү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июля 2014 года № 111 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205332)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/78#diff=1234032..1234033>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 35-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-35

---

Төмөндөгү учурларда:

- жеке жана юридикалык жактардан кошумча маалыматтарды талап кылуу зарыл болгондо;

- документтер экспертизага жөнөтүлгөндө нотариалдык аракеттерди жүргүзүү кийинкиге калтырылышы мүмкүн.

Эгерде мыйзамга ылайык нотариалдык аракеттерди жасоого тиешелүү адамдардын каршылыгы жок экендиги туурасында алардан суроо зарыл болсо, нотариалдык аракеттерди жүргүзүү кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Нотариалдык аракеттерди жасоону кийинкиге калтыруу мөөнөтү бул туурасында токтом чыккандан тартып бир айдан ашпоого тийиш. Ишке тиешеси бар бир адам күбөлөндүрүүнү өтүнүп кайрылган укукту же фактыны сотто талашып жаткан ишке тиешеси бар экинчи адамдын арызы боюнча нотариалдык аракеттерди жасоо он күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Эгерде бул мөөнөттүн ичинде кызыкдар адам анын арызы сотко келип түшкөндүгүнүн фактысын ырастаган документти бербесе, нотариалдык аракеттер жасалуугa тийиш. Ишке тиешеси бар бир адам күбөлөндүрүү туурасында өтүнүч менен кайрылган укукту же фактыны талашып жаткан ишке тиешеси бар экинчи бир адамдан арыз түшкөндүгү жөнүндө соттон билдирүү алынган учурда нотариалдык аракеттерди жүргүзүү сот тарабынан иш чечилгенге чейин токтотула турат. Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен нотариалдык аракеттерди жүргүзүүнү киийнкиге калтыруу жана токтото туруу үчүн башка да негиздер белгилениши мүмкүн. (КР 2014-жылдын 3-июлундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-36)
