Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
35-статья. Нотариалдык аракеттерди жүргүзүүнү кийинкиге калтыруу нун жана токтото туруунун негиздери жана мөөнөттөрү
Күчүн жоготкон · 09.03.2023 редакциясы · VII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 9 марта 2023 года № 54.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 июля 2014 года № 111
Төмөндөгү учурларда:
- жеке жана юридикалык жактардан кошумча маалыматтарды талап кылуу зарыл болгондо;
- документтер экспертизага жөнөтүлгөндө нотариалдык аракеттерди жүргүзүү кийинкиге калтырылышы мүмкүн.
Эгерде мыйзамга ылайык нотариалдык аракеттерди жасоого тиешелүү адамдардын каршылыгы жок экендиги туурасында алардан суроо зарыл болсо, нотариалдык аракеттерди жүргүзүү кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Нотариалдык аракеттерди жасоону кийинкиге калтыруу мөөнөтү бул туурасында токтом чыккандан тартып бир айдан ашпоого тийиш. Ишке тиешеси бар бир адам күбөлөндүрүүнү өтүнүп кайрылган укукту же фактыны сотто талашып жаткан ишке тиешеси бар экинчи адамдын арызы боюнча нотариалдык аракеттерди жасоо он күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Эгерде бул мөөнөттүн ичинде кызыкдар адам анын арызы сотко келип түшкөндүгүнүн фактысын ырастаган документти бербесе, нотариалдык аракеттер жасалуугa тийиш. Ишке тиешеси бар бир адам күбөлөндүрүү туурасында өтүнүч менен кайрылган укукту же фактыны талашып жаткан ишке тиешеси бар экинчи бир адамдан арыз түшкөндүгү жөнүндө соттон билдирүү алынган учурда нотариалдык аракеттерди жүргүзүү сот тарабынан иш чечилгенге чейин токтотула турат. Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен нотариалдык аракеттерди жүргүзүүнү киийнкиге калтыруу жана токтото туруу үчүн башка да негиздер белгилениши мүмкүн. (КР 2014-жылдын 3-июлундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июля 2014 года № 111 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
03.07.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Нотариалдык аракеттерди жүргүзүүнү кийинкиге алынып салынды: калтыруу-
кошулду: калтыруу нун жана токтото туруунун негиздери жана мөөнөттөрү
Төмөндөгү … мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Эгерде бул мөөнөттүн ичинде алынып салынды: арыз түшкөндүгү тууралу соттон билдирүү алынбаса, кошулду: кызыкдар адам анын арызы сотко келип түшкөндүгүнүн фактысын ырастаган документти бербесе, нотариалдык алынып салынды: аракет жасалууга кошулду: аракеттер жасалуугa тийиш.
Ишке тиешеси бар бир адам күбөлөндүрүү туурасында өтүнүч менен … жана токтото туруу үчүн башка да негиздер белгилениши мүмкүн.
кошулду: (КР 2014-жылдын 3-июлундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө" нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Инструкция · 15.07.2013 · № 412
- Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин 2004-жылдын 7-июлундагы № 106 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык аракеттерди жүргүзүү…Инструкция · 07.07.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/78/st-35" title="35-статья - Нотариат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>