# 31-статья. Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары жүргүзүүчү нотариалдык аракеттер

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 31-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-31

---

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары төмөндөгүдөй нотариалдык аракеттерди жүргүзө алат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагындагы болгон кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдерден тышкары бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт;

2) мурасталуучу мүлктү коргоого карата чара көрөт;

3) мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берет;

4) жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүштү менчиктөө укугу жөнүндө күбөлүк берет;

5) документтердин жана алардын көчүрмөлөрүнүн аныктыгын күбөлөндүрөт;

6) документтерге коюлган колдордун аныктыгын күбөлөндүрөт.

7) бир тилден экинчи тилге которулган документтердин тууралыгын күбөлөндүрөт;

8) граждандын тирүү жүргөндүгүн күбөлөндүрөт;

9) граждандын белгилүү бир жерде жүргөндүгүн күбөлөндүрөт;

10) граждандын фото сүрөттөгү адам менен окшоштугун күбөлөндүрөт;

11) документтер көрсөтүлгөн убактытты күбөлөндүрөт;

12) акчалай сумманы жана баалуу кагазды депозитке кабыл алат;

13) аткаруу жазууларын жүргүзөт;

14) документтерди сактоого кабыл алат;

15) далилдерди камсыз кылат;

16) деңиз каршылык билдирүүлөрүн жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары жасоочу башка да нотариалдык аракеттер каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-32)
