# 3-статья. Нотариалдык аракеттер

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июля 2015 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111185)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.07.2015 [Закон КР от 2 июля 2015 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111185); 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365); 04.03.2010 [Закон КР от 4 марта 2010 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/202931)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/78#diff=1234034..1234035>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 3-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-3

---

Нотариалдык аракеттер юридикалык мааниси бар талашсыз фактыларды, укуктук окуяларды ырастоону, документтерди күбөлөндүрүүнү, документтерге аткаруу күчүн жана юридикалык аныктык берүү боюнча нотариустун иш-аракетин жана граждандар менен юридикалык жактардын укуктарын, алардын ушул Мыйзамда каралган мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган башка аракеттерин билдирет. Кыргыз Республикасында нотариалдык аракеттерди ушул Мыйзамга ылайык мамлекеттик жана жеке нотариустар аткарат. Калктуу пунктта нотариус болбогон учурларда, нотариалдык аракеттерди жасоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет. Башка мамлекеттердин аймактарында нотариалдык аракеттер Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин ушундай аракеттерди жасоого ыйгарым укугу бар кызмат адамдары тарабынан жасалат. Ушул Мыйзамда каралган нотариалдык аракеттердин тизмеси ушуну менен чектелип калбайт. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында нотариалдык башка аракеттер да каралышы мүмкүн. (КР 2010-жылдын 4-мартындагы № 45 , 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-4)
