# 28-статья. Жеке нотариустар тарабынан жасалуучу нотариалдык аракеттер

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 марта 2010 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/202931)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.03.2010 [Закон КР от 4 марта 2010 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/202931); 09.08.2007 [Закон КР от 9 августа 2007 года № 139 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/202210)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/78#diff=1234031..1234032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 28-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-28

---

(Статьянын аталышы КР 2010-жылдын 4-мартындагы № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Жеке нотариустар төмөнкүдөй нотариалдык аракеттерди жасайт:

1) бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт;

2) жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүштү менчиктөө укугу жөнүндө күбөлүк берет;

3) документтерди жана алардын көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрөт;

4) документтерге коюлган колдордун аныктыгын күбөлөндүрөт;

5) бир тилден экинчи тилге которулган документтердин аныктыгын күбөлөндүрөт;

6) граждандын тирүү экендигин күбөлөндүрөт;

7) граждандын белгилүү бир жерде жүргөндүгүн күбөлөндүрөт.

8) граждандын сүрөттөгү адам менен окшоштугун күбөлөндүрөт;

9) документтер сунуш кылынган убакытты күбөлөндүрөт;

10) жеке жана юридикалык жактардын экинчи бир жеке жана юридикалык жактарга арыздарын берет;

11) акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитка кабыл алат;

12) аткаруу жазууларын жүргүзөт;

13) векселдерге каршылык билдирүү жасайт;

14) чектерди төлөөгө сунуш кылат жана чектердин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрөт;

15) документтерди сактоого кабыл алат;

16) деңиз каршылык билдирүүлөрүн жасайт;

17) далилдерди камсыз кылат;

18) мүлктүн жана баалуу кагаздардын тиешеси жок адамдан легалдаштыруунун субъектисине бекер өткөрүлгөндүгү жөнүндө келишимди күбөлөндүрөт.

Легалдаштырылган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудагы нотариустук аракеттер киреше салыгы төлөнгөн шартта гана ишке ашырылуусу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башка да нотариалдык аракеттер каралышы мүмкүн. (КР 2007-жылдын 9-августундагы № 139, 2010-жылдын 4-мартындагы № 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-29)
