# 27-статья. Нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө теңештирилүүчү керээздерди жана ишеним каттарды кызмат адамдары тарабынан күбөлөндүрүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 марта 2010 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/202931)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/78#diff=1234031..1234032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 27-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-27

---

Нотариалдык күбөлөндүрүүгө:

- госпиталдарда, санаторийлерде жана башка дарылоо мекемелеринде дарыланып жаткан граждандардын ушундай мекеменин зардалы же башкы дарыгери тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээзи жана ишеним каты;

- мамлекеттик жана жеке нотариустар менен нотариалдык аракеттерди жасоочу башка органдар жок аскердик бөлүктөрдөгү, бирикмелердеги, мекемелердеги, аскердик окуу мекемелериндеги аскер кызматчыларынын керээздери жана ишеним каттары, ошондой эле жумушчулар менен кызматчылардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ушул бөлүктүн, бирикменин, мекеменин же окуу жайынын командири (зардалы) тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздери жана ишеним каттары;

- эркиндигинен ажыратуу жайларында жүргөн же камакта кармалып турган адамдардын тиешелүү мекеменин зардалы тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздери жана ишеним каттары;

- социалдык коргоо мекемелеринде жүргөн эрезеге жеткен аракетке жөндөмдүү граждандардын ушул мекеменин администрациясы же ушул мекеменин жетекчиси (анын орун басары) же калкты социалдык жактан коргоонун тиешелүү органынын жетекчиси (анын орун басары) тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээзи жана ишеним каты теңештирилет.

(КР 2010-жылдын 4-мартындагы № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II БӨЛҮК НОТАРИАЛДЫК АРАКЕТТЕР ЖАНА АЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-28)
