# 23-статья. Нотариалдык аракеттерге жана нотариустар көрсөтүүчү башка кызматтарга акы төлөө

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июля 2014 года № 111 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205332)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.07.2014 [Закон КР от 3 июля 2014 года № 111 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205332); 04.03.2010 [Закон КР от 4 марта 2010 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/202931); 09.08.2007 [Закон КР от 9 августа 2007 года № 139 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/202210); 28.03.2004 [Закон КР от 28 марта 2004 года №50 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/1435)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/78#diff=1234032..1234033>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 23-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-23

---

Нотариалдык аракеттерди жасагандыгы үчүн нотариус жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ставкалар боюнча мамлекеттик алым алышат. Жеке нотариустардын документтердин долбоорун даярдоодогу кызматтары жана башка кызмат көрсөтүүлөрү келишим боюнча кайрылышкан жактар тарабынан төлөнөт жана жеке нотариустун карамагында калат. Мамлекеттик нотариустардын документтердин долбоорун даярдоо боюнча кызматтары жана башка акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөр үчүн ставкалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. (Үчүнчү бөлүк КР 2014-жылдын 3-июлундагы № 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Мамлекеттик алым же тарифке ылайык сумма төлөнгөндөн кийин нотариалдык аракет аткарылды деп таанылат. Мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган жеке жана юридикалык жактар үчүн жеңилдиктер мамлекеттик алымды төлөө боюнча мамлекеттик нотариустар, ошондой эле жеке нотариустар тарабынан бул адамдарга нотариалдык аракеттер жасалганда, документтердин долбоорлору түзүлгөндө, көчүрмөлөр берилгенде жана техникалык иштер аткарылганда жайылтылат. Нотариус өзү иштегенден башка жерде нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн барганда ишке тиешеси бар жеке жана юридикалык жактар анын иш жүзүндөгү транспорттук чыгымдарынын ордун толтуруп беришет. (КР 2004-жылдын 28-мартындагы № 50, 2007-жылдын 9-августундагы № 139, 2010-жылдын 4-мартындагы № 45, 2014-жылдын 3-июлундагы № 111 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-22-1)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-24)
