# 21-статья. Нотариустун милдеттери

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 марта 2010 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/202931)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.03.2010 [Закон КР от 4 марта 2010 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/202931); 26.01.2009 [Закон КР от 26 января 2009года № 32 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/202595)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/78#diff=1234031..1234032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 21-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-21

---

Нотариус:

- жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоодо аларга көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашырууга;

- аларга укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө, юридикалык жагын билбөө аларга зыян келтирбеши үчүн жасалып жаткан нотариалдык аракеттердин кесепети тууралу эскертүүгө, алар жасап жаткан нотариалдык аракеттердин келечек натыйжалары жөнүндө эскертүүгө;

- өзүнүн кесиптик иштерин жүзөгө ашырууга байланыштуу, анын ичинде мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, ыйгарым укуктарын өткөрүп бергенде же бошотулганда ага белгилүү болгон маалыматтарды купуя сактоого;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелинген эл аралык келишимдерге ылайык келбеген учурларда, нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тартууга милдеттүү.

Нотариус өз милдетин ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларына ылайык аткарат. Эгерде нотариалдык аракеттердин жасалышына байланыштуу нотариуска карата кылмыш-жаза иши козголсо, сот аны сырды сактоо милдетинен бошотушу мүмкүн. Нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен каралган учурларда, мурас же белек тартибинде жарандардын менчигине өтүүчү мүлктөн, мүлктүн наркы тууралуу тиешелүү салыкты эсептеп чыгаруу үчүн салык органына маалымкат берүүгө милдеттүү. (КР 2009-жылдын 26-январындагы № 32, 2010-жылдын 4-мартындагы № 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-22)
