# 20-статья. Нотариустун укуктары

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 марта 2010 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/202931)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.03.2010 [Закон КР от 4 марта 2010 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/202931); 28.03.2004 [Закон КР от 28 марта 2004 года №51 " О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/1436)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/78#diff=1234031..1234032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 20-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-20

---

Нотариус: нотариалдык аракеттер жасалуучу орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде аныкталгандан башка учурларда, өзүнө кайрылган жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыгында ушул Мыйзамда каралган нотариалдык аракеттерди жасоого;

- бүтүмдөрдүн, арыздардын жана башка документтердин долбоорлорун түзүүгө, документтердин көчүрмөлөрүн жана алардан көчүрүп жазып алууларды даярдоого, ошондой эле нотариалдык аракеттерди жасоо маселелери боюнча түшүндүрмө берүүгө;

- жеке жана юридикалык жактардан нотариалдык күч-аракеттерди жасоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суратып алат. Көрсөтүлгөн адамдар маалыматтарды жана документтерди (анын ичинде кошумчаларды) алар келип түшкөн учурдан тартып он күндөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында нотариуска башка да укуктар берилиши мүмкүн. (КР 2004-жылдын 28-мартындагы № 51, 2010-жылдын 4-мартындагы № 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-21)
