Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-статья. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жана аны кайра алуу
Күчүн жоготкон · 09.03.2023 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 9 марта 2023 года № 54.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 марта 2010 года № 45
Нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиянын колдонулушун токтото туруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечиминин негизинде:
- нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүнүн тартибин жана нотариалдык иштерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды бузганда;
- нотариалдык жеке иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы бар адамдын кайрылуусу.
Нотариалдык ишке укук берген лицензиянын колдонулушун токтото туруу тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими алынган күндөн тартып мыйзамда белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн. Нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензияны нотариустан кайра алуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан:
- нотариус өз каалоосу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп бергенде;
- Кыргыз Республикасынын граждандыгын жоготкондо же Кыргыз Республикасынын чегинен туруктуу жашаган жерге чыгып кеткенде;
- нотариуска карата соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмү күчүнө киргенде;
- нотариуска карата мыйзамда белгиленген тартипте анын иштөө жөндөмдүүлүгүнө чектөө киргизүү же иштөөгө жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими чыкканда;
- ден соолугуна байланыштуу (медициналык корутунду болгон учурда) нотариустун милдетин аткара албаганда;
- нотариус ушул Мыйзамдын 6, 7-статьяларында каралган талаптарды бузган учурда;
- лицензиянын аракети үч жолу токтотулганда жүргүзүлүшү мүмкүн;
- бир жолу мыйзамдарды одоно бузганда.
Ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндөгү жетинчи-тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча нотариустун нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензиясы кайра чакыртылган учурда, ага кайтадан лицензия алуу үчүн квалификациялык экзамен тапшырууга жол берилиши мүмкүн эмес. Нотариусту нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензияны кайра алуу жөнүндө чечим алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн. (КР 2004-жылдын 28-мартындагы № 51, 2009-жылдын 26-январындагы № 32, 2010-жылдын 4-мартындагы № 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 4 марта 2010 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 января 2009года № 32 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 марта 2004 года №51 " О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/78/st-13" title="13-статья - Нотариат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>