# 12-статья. Квалификациялык комиссия

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/78)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мйындагы № 70 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 30.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 марта 2010 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/202931)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.03.2010 [Закон КР от 4 марта 2010 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/202931); 26.01.2009 [Закон КР от 26 января 2009года № 32 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/202595); 28.03.2004 [Закон КР от 28 марта 2004 года №51 " О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/1436); 07.07.1999 [Закон КР от 7 июля 1999 года № 65 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/229)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/78#diff=1234031..1234032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-67/edition/1234026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/78/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 12-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-12

---

Квалификациялык комиссия нотариалдык палатанын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдында түзүлөт. Квалификациялык комиссия жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдын арызын карайт, жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна квалификациялык экзамен алат, соңунда тиешелүү чечимди кабыл алуу аркылуу жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензиясы бар адамдардын аракеттерине түшкөн даттанууларды карайт. Квалификациялык комиссиянын укуктук статусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жобо менен аныкталат. Квалификациялык комиссия нотариалдык иш жүргүзүүнү каалаган адамдардан экзамен кабыл алат. Квалификациялык экзаменден өтпөй калган адамдар квалификациялык комиссиянын чечими кабыл алынгандан кийин бир жылдан эрте эмес аны кайталап өтүүгө жол берилет. (КР 1999-жылдын 7-июлундагы № 65, 2004-жылдын 28-мартындагы № 51, 2009-жылдын 26-январындагы № 32, 2010-жылдын 4-мартындагы № 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/78/st-13)
