Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 26 октября 2023 года № 1549-VII "Об утверждении Положения о служебных командировках депутатов и сотрудников Аппарата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-10-26.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 29-июнундагы № 829-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Иш сапарына жиберүү менен байланышкан чыгымдардын ченемдерин актуалдаштыруу, отчеттуулукту берүүнү оптималдаштыруу жана жөнөкөйлөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- 2011-жылдын 28-январындагы № 128-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетекчилигинин жана депутаттарынын ишин камсыз кылган кызматкерлердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Иш башкармалыгынын жана Иш башкармалыгынын Автотранспорт ишканасынын кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому;
- 2011-жылдын 30-июнундагы № 897-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетекчилигинин жана депутаттарынын ишин камсыз кылган кызматкерлердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы № 128-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетекчилигинин жана депутаттарынын ишин камсыз кылган кызматкерлердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу";
- 2013-жылдын 28-мартындагы № 2915-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун 1-пункту.
3. 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган, ушул токтом менен бекитилген жобонун 1.2-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтарын кошпогондо, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Ч. Турсунбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык…Постановление · 26.10.2023 · № 1549-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы № 3136-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2019 · № 3136-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын…Положение · 29.06.2016 · № 829-VI · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы № 3142-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону…Постановление · 20.06.2019 · № 3142-VI · Күчүн жоготкон