# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 14-январындагы № 195-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 14-январындагы № 195-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 195-VI
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77972>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10014/edition/798859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77972.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 14-январындагы № 195-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (14.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77972

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 14-январы № 195-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 36-VI "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Скрипкина Галина Анатольевна жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.

2. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 32-VI "Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Скрипкина Галина Анатольевна Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.

3. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 43-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссияга кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Муратбеков Канатбек Камбарбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссияга кыргыз тарабынын курамынан чыгарылсын; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исакунова Таалайкүл Базаркуловна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссияга кыргыз тарабынын курамына киргизилсин.

4. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI "Көз карандысыз Мамлекеттердин Кызматташтыгына катышуучу мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Иманалиев Каныбек Капашевич КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын Контролдук-бюджеттик комиссиясынан чыгарылсын жана КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын Илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.

Төрага

А. Жээнбеков
