Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Жогорку Кенеша КР «О внесении изменений в некоторые постановления Жогорку Кенеша Кыргызской Республики»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 6-апрели № 420-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 43-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
токтом төмөнкүдөй мазмундагы 1.1 жана 1.2 пункттар менен толукталсын: "1.1. Шайназров Тынчтык Урайимович Парламенттер аралык комиссиянын тең төрагалыгына шайлансын.
1.2. Чудинов Игорь Витальевич Парламенттер аралык комиссиянын тең төрагасынын орун басарлыгына шайлансын.".
2. "Көзкарандысыз Мамлекеттердин Кызматташтыгына катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Саматов Жыргалбек Алимбаевич Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин. 2-пункттун тогузунчу абзацындагы "Казакбаев Руслан Айтбаевич" деген сөздөрдөн кийин ", Саматов Жыргалбек Алимбаевич" деген сөздөр менен толукталсын.
3. "Калктын саны жана өнүктүрүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна калктын саны жана өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин Улуттук комитетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 41-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Сапарбаев Жоомарт Рахатович калктын саны жана өнүктүрүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна калктын саны жана өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин Улуттук комитетинин курамынан чыгарылсын; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Маматов Абдимуктар Маматович калктын саны жана өнүктүрүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна калктын саны жана өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин Улуттук комитетинин курамына киргизилсин.
Төраганын орун басары
А. Омурбекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 43-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча…Постановление · 19.11.2015 · № 43-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз…Постановление · 19.11.2015 · № 40-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 41-VI "Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын…Постановление · 19.11.2015 · № 41-VI
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз…Постановление · 19.11.2015 · № 40-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 43-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча…Постановление · 19.11.2015 · № 43-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 41-VI "Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын…Постановление · 19.11.2015 · № 41-VI