# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 1091-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 18-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" № 1850-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 1091-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 18-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" № 1850-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1091-VI
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77968>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10010/edition/881339/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77968.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 1091-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 18-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" № 1850-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (26.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77968

---

КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 16-ноябры № 1091-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 18-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" № 1850-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ф.Бекманбетовдун өзүнүн жеке өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 18-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" № 1850-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

он алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн бош кызмат ордуна сынак жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.

Төрага

Ч. Турсунбеков
