# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1055-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1055-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1055-VI
- Кабыл алынган күнү: 09.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77933>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9975/edition/869091/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77933.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1055-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому (25.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77933

---

КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1838-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 9-ноябры № 1055-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр аныкталсын:

Жээнбеков Сооронбай Шарипович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна; Абулгазиев Мухамметкалый Дүйшекеевич - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна; Панкратов Олег Михайлович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна; Султанбекова Чолпон Аалыевна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна; Разаков Жеңиш Парпиевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна; Осмоналиев Акылбек Шарипович - Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчисинин - Кыргыз Республикасынын министринин кызмат ордуна; Кожошев Арзыбек Орозбекович - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызмат ордуна; Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызмат ордуна; Мурашев Нурбек Мурпазылжанович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна; Калилов Жамшитбек - Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин кызмат ордуна; Ахметов Уран Түлөндиевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна; Абдылдаев Эрлан Бекешович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна; Исраилов Улан Жумабекович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна; Боронов Кубатбек Айылчиевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна; Батыралиев Талантбек Абдуллаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна; Казаков Түгөлбай Токтогулович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна; Кудайбердиева Гүлмира Каримовна - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна; Исакунова Таалайкул Базаркуловна - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна; Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна; Шаршембиев Бакыт Нуржанович - Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна; Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы; Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине көрсөтүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө"; 2016-жылдын 1-июнундагы № 612-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу"; 2016-жылдын 29-июнундагы № 799-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"; 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 888-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу".

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Ч. Турсунбеков
