# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 2-ноябрындагы № 1038-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 2-ноябрындагы № 1038-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1038-VI
- Кабыл алынган күнү: 02.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77919>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9961/edition/778365/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77919.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 2-ноябрындагы № 1038-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (02.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77919

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 2-ноябры № 1038-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Н.Шыкмаматов, И.А.Масалиев, А.С.Кодуранова, М.Э.Сабиров, Т.У.Шайназаров, И.А.Пирматов жана Д.Б.Аттокуров демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө", "Аскердик наамдарды, класстык чендер, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө", "Саясий жана диний ынанымдары үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө", "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

Ч. Турсунбеков
