# КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 2-ноябрындагы № 1025-VI "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына жаңы мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 2-ноябрындагы № 1025-VI "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына жаңы мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1025-VI
- Кабыл алынган күнү: 02.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/77908>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-9951/edition/775992/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/77908.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 2-ноябрындагы № 1025-VI "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына жаңы мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө" токтому (02.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/77908

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 2-ноябры № 1025-VI Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына жаңы мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык "Республика - Ата-Журт" жана "Бир Бол" парламенттик фракциялары шайлаган Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына төмөндөгү мүчөлөр бекитилсин:

1) Орехов Александр Дмитриевич;

2) Кубатбеков Алтынбек Нурпазылович;

3) Моңолов Айбек Кытайбекович.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү жөнүндө" № 4468-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-бөлүктө:

- "Есекеев Керезбек Сүйөркулович" деген сөздөр "Орехов Александр Дмитриевич" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- "Калбаев Алмаз Тургуналиевич" деген сөздөр "Кубатбеков Алтынбек Нурпазылович" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- "Кенжебаев Нурлан Төрөбаевич" деген сөздөр "Моңолов Айбек Кытайбекович" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Ч. Турсунбеков
