# 8-статья. Башкы прокуратура

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/779)
- Документтеги орду: 4-бөлүм
- Толук аталышы: КР Мыйзамы 2004-жыл 18-декабрындагы № 1341-ХII "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө".
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1341-XII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.06.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 17 июля 2009 года № 224 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июня 2007 года №77 "О внесении дополнений и изменений в Законы Кыргызской Республики "О счетной палате Кыргызской Республики", "О Национальном банке Кыргызской Республики", "О прокуратуре Кыргызской Республики" и "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/202110)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.06.2007 [Закон КР от 4 июня 2007 года №77 "О внесении дополнений и изменений в Законы Кыргызской Республики "О счетной палате Кыргызской Республики", "О Национальном банке Кыргызской Республики", "О прокуратуре Кыргызской Республики" и "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/202110); 21.11.1997 [Закон КР от 21 ноября 1997 года №82 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Закона Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/779#diff=504367..504368>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/779/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-742/edition/504365/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/779/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 8-статья (17.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/779/st-8

---

Башкы прокуратура прокуратура органдарынын системасындагы борбор-

дук аппарат болуп саналат.

Башкы прокуратура:

төмөн турган прокуратуралардын ишин уюштурат, мыйзамдардын сакта-

лышын көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын иш-аракетин координа-

циялоону жана макулдашууну камсыз кылат, алардын ишин контролдойт;

прокурордук көзөмөлдү өркөндөтүү боюнча сунуш иштеп чыгат;

мамлекеттик аткаруу бийлигинин республикалык органдары тарабынан

мыйзамдардын сакталышына түздөн-түз көзөмөл жүргүзөт, бул органдардын

жана кызмат адамдарынын аракетине жана чечимдерине, ошондой эле област-

тардын, Бишкек шаарынын жана аларга тењделген прокурорлордун аракетине

жана чечимдерине карата даттанууларды карайт;

өзгөчө маанидеги кылмыштарды тергөөнү ишке ашырат:

укук тартибин жана мыйзамдуулукту чыњдоодо республикалык башка

укук коргоо органдары менен бирге аракеттенет;

мыйзамдуулуктун, аткаруу бийлигинин органдары тарабынан мыйзамдар-

ды, коомдук тартипти жана улуттук коопсуздукту сактоо, граждандардын

укугун жана эркиндигин коргоо боюнча милдеттердин аткарылыш абалы жө-

нүндө жыл сайын жүргүзүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогор-

ку Кењешине отчет берет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө такай маа-

лымдайт, укук тартибин чыњдоо жана мыйзам чыгарууну өркүндөтүү боюнча

сунуштарын киргизет.

Башкы прокуратураны Башкы прокурор башкарат, аны Кыргыз Республи-

касынын Жогорку Кењешинин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Пре-

зиденти дайындайт жана бошотот. Башкы прокурорду сот тартибинде салы-

нуучу жазык жоопкерчилигине жана администрациялык жоопкерчиликке тартуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин макулдугу менен жүргүзүлөт.

Башкы прокурордун биринчи орун басары жана орун басарлары болот, аларды

башкы прокурордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дай-

ындайт жана бошотот. Орун басарлардын ортосундагы милдеттер Башкы про-

курор тарабынан бөлүштүрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызматына талапкерди

дайындоого макулдук берүү жөнүндөгү сунуш Кыргыз Республикасынын Прези-

денти тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине ал Кыргыз Рес-

публикасынын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган

күндөн тартып 10 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен киргизилет.

Башкы прокуратурада коллегия түзүлөт, анын курамына Башкы прокурор

(төрага), анын биринчи орун басары жана орун басарлары (кызматы боюн-

ча), прокуратуранын жооптуу башка кызматкерлери кирет. Коллегия курамын

Кыргыз Республикасынын Президентинин макулдугу менен Башкы прокурор бе-

китет.

Башкы прокурордун ошондой эле улук жардамчылары, өзгөчө маанилүү

иштер боюнча улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү болот. Башкармаларында

жана бөлүмдөрүндө башчылар жана алардын орун басарлары, улук прокурор-

лор жана прокурорлор болот, ошондой эле башкы адистер - кењешчилер бо-

лушу мүмкүн.

Башкарма, бөлүм башчылары жана алардын орун басарлары, башкы про-

курордун улук жардамчылары жана жардамчылары, башкы прокуратуранын улук

прокурорлору, башкармалар менен бөлүмдөрдүн прокурорлору, өзгөчө маа-

нилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү, адис-кењешчиле-

ри жана башкы бухгалтери Башкы прокурор тарабынан дайындалат жана бошо-

тулат.

(КР 1997-жылдын 21-ноябрындагы № 82 Мыйзамынын, 2007-жылдын

4-июнундагы №77 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/779/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/779/st-9)
