# 40-статья. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин укуктук

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/779)
- Документтеги орду: 4-бөлүм
- Толук аталышы: КР Мыйзамы 2004-жыл 18-декабрындагы № 1341-ХII "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө".
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1341-XII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.06.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 17 июля 2009 года № 224 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/779/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-742/edition/504365/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/779/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 40-статья (17.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/779/st-40

---

жана социалдык жактан коргоо чаралары

Прокуратура органдарынын оперативдүү кызматкерлери жана алардын

үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле алардын мүлкү мамлекеттин коргоосунда ту-

рат.

Прокуратура кызматкерлеринин өмүрү жана саламаттыгы республикалык

бюджет каражатынан он жылдык акчалай күтүү суммасында милдеттүү түрдө

мамлекеттик социалдык камсыздандырууга алышат.

Кызматтагы милдетин аткарууга байланыштуу жаракат алса же майып

болсо, прокуратура кызматкерлери белгиленген пенсия менен соњку иштеген

жериндеги эмгек акысынын ортосундагы айырма түрүндө ай сайын компенса-

ция төлөөнү, ошондой эле эмгекке жарактуулугунун жоготулуш даражасына

жараша бир жылдан беш жылга чейинки акчалай күтүү өлчөмүндөгү бир жолку

пособие алышат.

Прокуратура кызматкери кызматтагы милдетин аткаруу учурунда курман

болсо, маркумдун үй-бүлөсүнө он жылдык акчалай күтүү өлчөмүндөгү бир

жолку пособие төлөнүп берилет. Маркумдун үй-бүлөсүнө кызматкер курман

болгон учурда колдонулган шарттарда жана негиздерде ыњгайлуу турак жай

алуу укугу сакталат.

V. Прокуратура органдарынын уюштурулушунун жана

иштешинин башка маселелери

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/779/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/779/st-41)
