# 32-статья. Прокурордун бийлик укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/779)
- Документтеги орду: 4-бөлүм
- Толук аталышы: КР Мыйзамы 2004-жыл 18-декабрындагы № 1341-ХII "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө".
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1341-XII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.06.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 17 июля 2009 года № 224 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/779#diff=504368..504369>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/779/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-742/edition/504365/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/779/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 32-статья (17.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/779/st-32

---

Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөнү ишке ашыруу менен прокурор

ушул Мыйзамдын 31-статьясында аталган жерлерге каалаган убакытта кароо-

суз кирүүгө;

кармалгандарды, камалгандарды, соттолгондорду жана сот тарабынан

белгиленген мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга дуушар кылынган адамдарды

сурап-билүүгө; ошол адамдарды кармоого, камоого, соттоого же мажбурлоо

мүнөзүндөгү чараларга дуушар кылууга негиз болгон документтер менен та-

анышканга;

ушул Мыйзамдын 31-статьясында көрсөтүлгөн мекемелердин администра-

цияларынын буйруктарынын, көрсөтмөлөрүнүн жана токтомдорунун мыйзамдар-

га ылайыктуулугун текшергенге жана алар Мыйзамга каршы келген учурда

протест келтиргенге, кызмат адамдарынан бул боюнча түшүнүк берүүнү та-

лап кылганга укуктуу.Протест келтирилген актынын аракети ал каралганга

чейин токтотулат:

камакта турган, ошондой эле эркинен ажыратылып жазасын өтөп жаткан

адамдарга карата мыйзамды бузуу менен белгиленген дисциплинардык жаза-

ларын алып салганга, аларды өзүнүн токтому менен жазалоо изоляторунан,

камера түрүндөгү жайдан, карцерден, дисциплинардык изолятордон дароо

бошотконго укуктуу.

Прокурор, сот тарабынан кабыл алынган чаралардан сырткары, мыйзам

бузуу менен кармалган же мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга кириптер бол-

гон ар бир адамды өзүнүн токтому менен токтоосуз бошотуп жиберүүгө мил-

деттүү.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/779/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/779/st-33)
